Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Купулга толуу, көңүлгө төп келүү, жагымдуу таасир берүү, жакшы элес калтыруу, түзүк катарында эсептелүү. Темирдин шар сүйлөгөнү, ачык мүнөзү Исага жакты (Сасыкбаев). Өнөрүң болсо өргө чап, Эмгегиң менен элге жак (Токтогул). Көңүлүмө жагат деп, көрүнгөнгө дос болбо (макал). 2. Сиңимдүү болуу, пайдалуу болуу (мисалы, тамак, дары, аба ж. б.). Кадырлап берген тамагы Жакпай жатат өзүмө («Эр Төштүк»). Дайындуу ооруң бар болсо, Дарысын ичсең жакпайбы! (Осмонкул).